Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдун парламентке жолдогон сунушун колдоого кесиптештерин чакырды. 

 

Сооронбай Жээнбеков маркум Султан Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүүнү ниет кылганын, бирок мыйзам буга жол бербей жатканын айтып, парламент депутаттарынан тийиштүү мыйзам кабыл алып берүүсүн айткан. 

 

"Кыргызстанда өз убагында опол тоодой эмгек кылган, учурда көзү өтүп кеткен ишмерлер көп. Султан Ибраимов жана биринчи премьер-министр Насирдин Исанов бар. Ал кишинин көзү тирүү болгондо "Кумтөрдүн" азыркыдай чыры да, ыры да болмок эмес. Бул кишиге да Баатыр наамын бериш керек",- деди депутат. 

 

Андан ары Кыргызстандагы медицина илимдеринин профессору, Илимдер Академиясынын туңгуч президенти Иса Ахунбаевди да белгилеп, анын кичи мекени Ысык-Көл аймагына Иса Ахунбаев атындагы клиника ачып берүүнү сунуштады.