Маалымат каражаттарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын көз жарганы жазылууда. Алар бул маалыматты энени жана баланы коргоо Улуттук борбору төрөт үйүнө таянып жарылашты.
Анда жазылгандай, Алия Шагиева бүгүн көз жарган. Ал кыздуу болду.
Эске салсак, бул Алиянын экинчи перзенти. Уулу Таир 2017-жылдын март айында төрөлгөн.