Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өлкөнүн аба катнашын өркүндөтүүгө багытталган «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Демилгечилер – Өкмөт жана депутаттар тобу.

 

Демилгечилердин бири депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Өкмөт менен депутаттар тобу тарабынан даярдалган мыйзам долбоорлорунун варианттары бириктирилүү менен парламенттин кароосуна киргизилген. Мыйзам долбоору аркылуу «Ачык асман» долбоору сунушталууда. Мындайча айтканда, баардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу каттоосуна мүмкүнчүлүк берилмекчи. Ал үчүн Аба кодексине «аба эркиндигинин 5-даражасын» киргизүү зарыл.

 

Баяндамачы Өкмөт өзү мыйзам долбоорун даярдоого катышканын, «Ачык асман» долбоору жарандык авиациянын өнүгүшүнө залакасын тийбей турганын билдирди. «Биз Европага, алтургай Кореяга түз учалбай жатабыз. Бирин-экин авиакомпанияга кыйынчылык жаралышы мүмкүн, жалпысынан алганда, бул долбоор бизге кыйла жеӊилдик алып келет», - деди ал.