Бүгүн, 20-ноябрда "102" кызматына Бишкектеги үйлөрдүн биринде Тез жардамдын фельдшери менен аны чакырган киши мушташып кеткени тууралуу кабар келип түшкөн.
Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, киши дене табы көтөрүлгөн жубайы үчүн Тез жардам чакырган. Бирок, ал кечигип келгендиктен жаран нааразы болуп, фельдшер экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алган. Андан соң муштум көтөрүү башталган.
Бул боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.