Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында адам өлүмүнө жеткирген жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

 

Маалыматка караганда, Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаасы жол жээгинде токтоп турган  Renault фураны келип сүзгөн. Жыйынтыгында, 1982 жылы төрөлгөн аял каза тапты. Дагы экөө ар кандай жарааттары менен ооруканага жеткирилди. Каза тапкан жарандын сөөгүн Тез жардам алып кеткен.