×

Ошибка

Resource not found (10:23 min ago).

 

 

 
Гемодиализ алууга, - деп кезекте тургандардын саны арбып жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Бул тууралуу жагдайга депутат Алмазбек Токторов кайрылып, алардын керектөөлөрүнө каралган каражаттардын эсебин Каржы министрлигинен тактады.  Анткени,  бүгүн, 19 – ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн караган эле.

 

Депутат, - “Ар бир гемодиализ алууга кеткен чыгымдын бир жолкусу 5 миң сом болсо, жумасына 3 ирет процедура алууга мажбур болгондордун чыгашасы 15 миңге жетип жаткандыгын, айына 60 -70 миңге жетерин ойлогондо оюң онго бөлүнөт”, - дейт. 

 

Суроого жооп берген КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков, - “Гемодиализге 2019 – жылга каралган сумма  737 млн. сом”, - деди. 

Гемодиализ алгандардын азыркы эсеби 634 кишини түзөт. Ал эми жыл башында бул көрсөткүч 280 болчу, - дейт кошумча суроолорго жооп берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев.

 

Талкууда тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова үй – бүлөлүк дарыгерлердин айлык акыларынын жогорулатылган төлөмдөрү кандай таркатылып жаткандыгына кызыкты. 

 

Бул суроого жооп берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилигинин маалымдашынча, өткөн жумадан тартып, үй – бүлөлүк дарыгерлердин индикаторлук нормативдерди аткаргандарына кошумча 2 миң сомдон 6 миң сомго чейин төлөнүп баштады. Ошондо жалпы орточо айлык 19 – 22 миң сом болуп калды, - дейт Марат Калиев.

 

Жыйынтыгында, комитет  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда жактырды.