Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 18-ноябрь күнү саат 17:03тө аталган министрликтин  Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматына маалымат келип түшкөн. Анда Бишкектеги Сүйүнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 5 жаштагы баланын буту батареяга кыпчылып калганы айтылган.

 

Окуя болгон жерге барган куткаруу кызматы баланын бутун батареядан бошотууга жардам беришти.