РАЖдын депутаты Руслан Казакбаев кесиптеши Таабалды Тиллаевдин  иштеген пенсионерлер тууралуу билдирүүсүн жасап-түздөп, анан Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге суроо узатты. 

 

"Тиллаев бардык пенсионер тууралуу айтпаган, ал Бажы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жүргүзүү кызматында иштеп пенсияга чыккандар тууралуу кеп козгогон. Бул аталган кызматта иштегендер пенсияга эрте чыгышат. Жаш кезинде эле чыгып алышып, мамлекеттен 50-60 миң сом пенсия алышат. Сиздин бул боюнча пикириңиз кандай?" - деди Казакбаев Ирсалиевге. 

 

Соцфонддун төрагасы мындан арылуунун бир гана жолу бардыгын белгиледи: 

 

"Пенсияга чыгуу курак чегин жогоруталуу керек", - деди ал. 

 

Эске салсак, Тиллаевдин "иштеген пенсионерлер же пенсиясын алышсын, же иштеп айлыгын алышсын", - деген билдирүүсү коомчулукта катуу сынга кабылган.