Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова Текебаев Маевскийдин камалышы өзүнүн ишин кайра кароого жеткирет деп ойлобогонун билдирди. 

 

"Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү Өмүрбек Текебаевдин камалышын шарттаган. Бирок, аны Текебаевдин иши боюнча камашкан жок да. Эгер ал Текебаевге жалган жалаа жапкам деп моюнуна алса, анда жаңы ачылган жагдайларга ылайык иш кайра кароого жиберилмек. А азыр ишти кайра каратууга жеткирүү татаал", - деди адвокат. 

 

Айтымында, орус ишкеринин жалган көрсөтмө берүүдө эч кимди алдына салбай турганы боюнча жетиштүү далил топтолгон, бирок сот аны кабыл албады. 

 

Эске салсак, Текебаев коррупцияга айыпталган. Маевский анын үстүнөн ири суммадагы пара алганы боюнча арыз жазган.