Араван районундагы беш пахта заводу тең былтыр дыйкандардан пахтанын килосун 45 сомдон сатышып алышып, анан башкаларга 55 сомдон соодалашкан. Жергиликтүү жетекчилер жана дыйкандар быйыл деле кудум ушул көрүнүш айныксыз кайталанып жаткандыгына абдан нааразы.

 

- Быйыл Араван районунда 5497 гектар аянтка чигит эгилген. Азырынча 9319 тонна  “ак алтын” жыйналды. Ошондо ар гектарынан 27,5 центнерден түшүм алып жатышат. – деди Араван райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Пайзилла Мирзабарамов. – Биринчи  терим эбак бүткөн. Экинчиси эми гана башталды. Жалданган теримчилирге дыйкан чарбалары килосуна алты, кээде жети сомдон акы төлөп жатышат.

Хабийба МАКСУДОВА, Араван району, теримчи: - Биринчи терим маалында теримчилерге килосуна беш сомдон төлөшчү. А азыркы экинчи териминде килосуна алты-жети сомдон жеринде эле төлөп келатышат. Мындан тышкары талаада эле мээнеткечтерге күн сайын эки маал ысык тамак дагы берип жатышат.

 

Турсунай ЭРМУРАТОВА, Араван району, теримчи: - Мээнетибиз абдан күч. Керээли кечке эңкейип тынымсыз иштеп жүрөбүз. Иңирде белибиз кадимкидей бекчейип катып калып жатат. Ошондуктан, терим акысын азыркыдан дагы көбөйтүшсө, албетте, соопко гана калышмак. Анан бул мээнетибиз эмгек стажыбызга кошулуп, китепчебизге дагы жазылбагандыгы өкүнүчтүү! Кийин биз деле карыйбыз. Кайсыл негизде пенсияга чыгабыз? Албетте, башыбыз маң...

 

- Быйыл аба ырайы ашкере катаалдашып, суу маселеси тээ июнь, июль жана август айларында пахта ыраса чаңкап турган маалда бизди өлө кыйнады. Маселен, бир гектар пахта аянтына сутка бою 20-22 литр суу керектелсе, бул норма өз убагында дээрлик аткарылган жок! – дейт кайрадан кепке кошулган Араван райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Пайзилла Мирзабарамов. – Ошондуктан, “ак алтынды” Туркия, Орусия жана Кытай өлкөлөрүнө дегеле жетиштүү көлөмдө экспорттой албай жатабыз. Муну үчүн дыйкандарды жана фермерлерди Кыргыз Өкмөтү өзү гана түздөн-түз колдоого алуусу кажет! Биринчиден, аларды жетиштүү көлөмдө сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май, техника менен камсыздаганы оң!  Экинчиден, жыйналган түшүмдү мамлекет өзү гана эч кандай ортомчусуз сатыл алышы кажет! Үчүнчүдөн, кыргыз пахтасын чет өлкөлөргө Кыргыз Өкмөтү өзү гана түздөн-түз экспорттосо, мындан чындап эле баарыбыз утмакпыз!

 

Кантсе дагы, пахтаны эгүү, жыйноо жана чет өлкөлөргө соодалоо бир гана Араван районунда эмес бүтүндөй түштүк жергесинде чоң маселеге айланып баратат. Бул өңүттө Кыргыз Өкмөтү баш оорутаар бекен, ыя?

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

өз кабарчыбыз, Каара-Суу району

Булак: “Майдан. kg” гезити