Бүгүнкү күндө диний азчылыктардын укуктары Кыргызстанда мамлекет тарабынан корголгон эмес. Ошондуктан Ысык-Көл облусундагы башка дин тутунган адамды жергиликтүү тургундар сабап, тишин күбүп, ур-токмокко алгандан кийин мен бул макаланы жазууга, өз укуктарымдын корголбой, өзүмө жана үй-бүлөмө коркунуч жаралгандыктан редакцияга кайрылууга аргасыз болуп отурам.

 

Бизде дин тутуу эркиндиги бар деп айтылганы менен иш жүзүндө андай эмес. Ар ким өзү каалаган дин ишенимин тутунууга акылуу. Мага жана үй-бүлөмө протестанттардын дин ишеними жан дүйнөмө жакын болгондуктан, ушул дин ишенимин кабыл алганбыз. Мен жана жубайым кыргыз болсок дагы ислам динин тутуган замандаштарыбызды туура түшүнүү менен мамиле кылып келебиз.Биз алардын дин ишенимине шек келтирип, жаман сөз да айткан эмес элек. 

 

Кыргызстанда протестанттарга мамлекеттин деңгээлинде куугунтук жок болгону менен, бирок  кысым бар. Бул Кыргызстандагы мыйзамдарда дагы байкалат. Мисалы, бир дин ишенимине берилген 200 адам болбосо, диний уюм катары каттала албайсың. Ал эми 200 адам болуш үчүн биз кайсы бир жерде чогулушубуз керек да. “Дин жөнүндө айтса болот, бирок белгилүү имараттын ичинде гана” деп жазылган. Эгер  бир ишенимге берилген адамдардын чогулткан диний имаратың жана 200 адамың жок болсо, кантип анан өзүң каалаган диниң жөнүндө айта аласың?


Ошондой эле азыркы учурда сунушталып жаткан мыйзамдагы “прозелитизм” жөнүндөгү сунушту да кысым деп ойлойм. Анда бир адамды башка динге үгүттөөгө тыюу салынат. Анда бизде кайдагы эркиндик? Бизде эркиндик болуш керек. “Каалаган оюңду айт, бирок ал мамлекетке, анын түзүлүшүнө каршы болбошу зарыл. Элдин ортосунда чагым чыгарбасын, мамлекеттик түзүлүшкө каршы болбосун” деп гана коюш керек. Мындай учурда адам каалаган дин ишенимин  кабыл алат, каалабаган албайт. Дин ишенимин эч ким таңуулай албайт. Ал эми ислам динин дабаатчылар, ислам динин тутунгандар таңуулап, үйүңө чейин келип, дабаат айтып, “беш убак намазга жыгыл, башка динге азгырылба”- деп үгүттөп, ал түгүл коркутуп да кетишет.


Кыргызстанда протестантизм дин ишенимин кабыл алгандар саналуу гана. Бизге кысымдар болгондуктан көпчүлүгү уялып,  коомчулуктан качып жүрүшөт.

 

Ошондуктан дин ишенимине баарына тең эле эркиндик бериш керек. Мейли, исламды, буддизмди же протестантизмди таратабы, эркиндик болушу керек. Эгер ошолор өздөрүнүн динин таңуулап, тажатып жатса, анда тартип коргоо органдарына арыз жазуусу зарыл. Адамдын эркиндигине шек жаратып, же анын тынчтыгын алуу туура эмес. Башка учурда эркиндик эле болуш керек. Ислам менен православдар мурдатан келаткан салттуу дин деп бөлө берген туура эмес. Эгер тарыхты карап көрсөк, протестанттар деле бул жакта 120-130 жыл мурда пайда болгон. 

 

Башка диндер бизге, биз аларга сый-урмат көрсөтсөк жакшы эле жашайт элек. Кыргызстанда 80ден ашык улут бар, бул улуттар бизде көптүк кылбайт. Эгер алар бири-биринин адамдык укуктарын сыйласа, биздин мамлекетибизге эч бир залакасын тийгизбейт. Ошол сыяктуу эле диндер да канчалык көп болбосун, өз ара сыйлоо, урматтоо болсо, эч зыяны болбойт эле.

 

Кудайды терең, жакшы тааныган мусулман менен христиан эч убакта бири-биринин өмүрүнө кол салып, же бир нерсесин тартып, басмырлабайт. Мисалы, биз ислам дининдегилерге кантип тийише алмак элек? Тескерисинче, “сен диниңди сатып кеттиң, кыргызсыңбы же эмнесиң” деп ислам динин тутунгандар айтып, мени жана үй-бүлөмдү кемсинтип, айрым учурда коркутуп, колу да тийген учурлар да болгон. Мен аларга “кимге ишенсем, менин өз эрким. Кудай бирөө гана” деп жооп берсем да алар мени “сенин үйүңдү, өзүңдү да өрттөп, жок кылабыз. Үй-бүлөңө да коркунуч жаралып, жаман болуп каласыңар” дешип опузалап, тынчыбызды алып кеткендиктен мен үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, абдан сары-санаа болуп, тынсызданып жүрөм. Себеби Бишкек шаарындагы  “Юг-2” кичи районундагы жашагандыктан үйдүн жанында намазкана бар болгондуктан, дабаатчылар тынчыбызды алып жатышат. Бир жолу үч жигит мени сабап кое жаздашты. Эптеп аларды тынсыздандырып, качып кетүүгө аргасыз болдум. Андан кийин дагы эки-үч жолу мени шылдыңдашып, “башка динге өткөн сен каапырсың, Сени өлтүрүп койсок, бизге сооп болот” дешип коркутушту. Бул жагдай, коркутуулар боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазып кайрылсам, алар чара көрүүнүн ордуна “башты оорутпагылачы, ансыз деле ишибиз чачтан көп” дешип, ишти карабай кайдыгер болуп коюшту. 

 

Менин, колуктум жана үй-бүлөм менен кимдин эмне иши бар?  Түрдүү дин ишениминдегилер бири-бирине тийишпесе эле эч нерсе болбой, ынтымактуу жашай берет элек да. Мисалы “Ыйык жазууда” баары жазылган, “бийлик башындагыларга баш ийгиле, аларга урмат-сый көрсөткүлө, салык төлөгүлө”- дегендин баары жазылган. Ошолордун баарын аткарууга биз болгон аракетибизди кылабыз. Бирок, эгер “сен Ыйсага ишенбе, сен кыргызсың, ислам дининде гана кал, бул “жакшы кабарыңды” айтпа, токтот” деп, Кыргызстанда кысымга алып келишет.  Биз Кудайдын эркине каршы болгон мыйзамдарга гана баш ийбейбиз, тынчтык, бейкуттук, ынтымак болсун деп, ал эми мамлекеттин өнүгүшү жана өркүндөшү үчүн дайыма сыйынабыз жана колдон келген салымдарыбызды кошобуз.

 

Кыргызстанда “протестанттар - дин бузарлар, протестанттар - секта” дешип кысымга алуулар болууда. “Бул динге ишенбе, тигил динге ишен" дегендей атуулдарга ишаарат берип жатпайбы. Мамлекеттик саясат адамдарды бөлүп-жарбастан, тескерисинче бириктириши керек да.

 

Бул макала өз эрким жана өз колум менен жазылды. Макала кайчы-пикирлерди жаратса да өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн айтууга аргасыз болдум.

 

 


Азамат Жамакеев,

Бишкек шаарынын тургуну

Булак: “Майдан. Kg гезити”