Ордолуу Ош шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар үстөккө-босток өткөрүлүп жатат. Булардын бирине президент Сооронбай Жээнбеков өзү башынан аягына дейре катышты.

 

Кыргыз Мамлекетинин башчысы адегенде Ош облустук Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрындагы иш-чарага катышты. Буерде адегенде театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Театрдын фойесинде Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө дагы уюштурулду. Көргөзмө экспозициясы менен кең-кесири таанышып чыккандан кийин Сооронбай Жээнбеков “Ош -Чыңгыз Айтматовдун тагдырында” аталыштагы салтанаттуу иш-чарага катышып, абдан манилүү сөз сүйлөдү.

 

- Быйыл Кыргыз журтчулугу менен кошо дүйнөлүк коомчулук биздин улуу жердешибиз, ааламдын акылманы, дүйнөнүн даанышманы Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири белгилеп жатат. Ааламдын булуң-бурчунда Кыргыздын залкар уулунун элесине терең урмат-сый көрсөтүлүп, талантына таазим кылынып жатканы бизге чексиз канааттануу гана алып келет,- деди президент. - Улуу жазуучуга болгон сый-урматыңыздарды билдирүү максатында “Ош - Чыңгыз Айтматовдун тагдырында” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүп жатканыңыздар үчүн чоң рахмат! Анткени, күнөстүү Ош шаары менен Айтматовдун тагдыры дагы, үй-бүлөсүнүн тарыхы дагы абдан тыгыз байланышкан. Дал ушул байыркы калаада, Сулайман Тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Анткени, бөбөк кезинде ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган. Анткени, атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы эле. Ошентип, байыркы Ош - Айтматовдун балалык кыялдарын бат ойготуп, анын дүйнө таанымына абдан катуу таасир эткен. Балким, кичинекей Чыңгыз жазуучулуктун башатын дал ушул керемет шаардан алгандыр… Канеткен күндө дагы Айтматов - бул өзүнчө бир дүйнө, өзгөчө аалам! Дүйнөнү канчалык терең тааныган сайын, анын белгисиз жаңы сырлары ачылып, билгениңден билбегениң көп экенине ынанасың. Айматовдун ааламы дагы - дал ошондой, канчалык көп изилдесеӊ, белгисиз жактары улам жаңыдан чыга берет.         

 

Мамлекет башчысы сүйлөгөндөн кийин улуттук артисттердин жана бий жамааттарынын катышуусунда театрлаштырылган концерттик программа улантылды. Концерттик программа толук аяктагандан кийин президент Жээнбеков Ош шаарынын  борбордук аянтындагы айыл чарба продукцияларынын жармаңкесин кыдырды. Жармаңкеге айыл чарба ишканаларынын, фермердик жана жеке көмөкчү чарбалардын продукциялары коюлган. Ош шаарынын борбордук аянтында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган сценкалар дагы көрсөтүлдү.


Соңунда президент Ош облустун ат майданындагы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча финалдык мелдештердин ачылышына катышты.


Мамлекет башчысы күчтүүлөргө жеңиш гана тиледи. Ошентип, Ош шаарында өткөрүлүп жаткан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий-спорттук иш чараларга өлкөбүздүн бардык облустарынан келген делегациялар дагы катышышты.

 

Ошентип, биргезде азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген Ош облусунда ушул күндөрдө “Ош - Чыңгыз Айтматовдун тагдырында” аттуу улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 2018-жылдын 29-октябынан бери улуттук ат оюндары өтүп жатат. Булардын ичинен көк бөрү боюнча финалдык оюндар дагыле жарышын улантууда.

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары, Булак: “Майдан. Kg гезити”