7-ноябрь Басма сөз жана маалымат күнүн утурлап, “Альянс Алтын” компаниясы Талас областындагы массалык маалымат каражаттарынын арасында кичи футбол боюнча өзү уюштурган кубогу үчүн атайын турнир уюштурду.

 

Майрамдык иш-чара Талас шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүп, ага областтык массалык-маалымат каражаттарында эмгектенишкен кызматкерлер катышты.  Өз ара кызуу таймаштын жыйынтыгында Талас шарындагы “3-канал” телерадиокомпаниясынын кызматкерлери биринчи орунду багынтышып, “Альянс Алтын” кубогун жана акчалай байгени утуп алышты. Ал эми байгелуу экинчи орунга Талас областтык телерадиокомпаниясынын жигиттери жетишип, акчалай сыйлык менен сыйланды.

 

Спорттук иш-чарадан кийин Талас шарындагы “Канат Ата” оюн-зоок борборунда областын аймагында эмгектенип жатышкан баардык массалык-маалымат каражаттарынын кызматкерлерине, ардагер журналистерге КР Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү сый-тамак уюштурду. Эмгектеринен алдыңкы деп табылган журналистерге КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мураталиев областтык өкүлчүлүктүн ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын тапшырса, “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Д.Жаныкулов компаниянын жетекчилигинин атынан теле, радио, гезиттердин редакцияларына, ардагер журналистерге, компаниянын ишмердуулугун калыс, так чагылдырышкан ММК өкүлдөрүнө атайын акчалай сыйлыктарды ыйгарды.  Иш-чаранын алкагында ар түрдүү жагдайлардан улам көздөрү өтүпп кеткен журналистердин атына багышталып куран дагы окулду.

 

 

 

 

Булак: “Майдан. Kg гезити”