-  Михаил мырза, кыргыз экономикасын көтөрүүдө негизги күч болуучу “Жерүй” алтын кенинин тегерегинде акыркы убактарда айрым массалык-маалымат каражаттарында ар түрдүү көз караштагы маалыматтар пайда болууда. Чындыгында бүгүнкү күндө абалыңыздар кандай, эмне иштер аткарылууда?

 

- Бүгүнкү күндө “Альянс Алтын” компаниясы Лицензиялык макулдашууга ылайык өзүнө жүктөлгөн баардык милдеттемелерге  жоопкерчиликтүү мамиле кылган  инвестор катары  ар бир иш-аракетин  Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын негизинде жүргүзүп келет. Ачыктык, тактык, тартип, мыйзамды сактоо биздин компаниянын негизги багыты десем жаңылышпайм. Биринчиден, биз кенди иштетүү укугуна ээ болор замат,  лицензия үчүн тиешелүү болгон 100 млн. АКШ.долларын КР бюджетине төгүп бердик. Экинчиден, компания өзүнө алган милдеттеменин негизинде инвестициялык чыр-чатактарды жөнгө салуучу Эл аралык борбордо каралып жаткан мурдагы инвестордун доосун жоюп, жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен доогердин ортосунда тынчтык келишимин түздүрүүгө жетишти. Мунун негизинде 548 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү мурдагы инвестордун доо арызы кайтарылып алынды.  Мындан тышкары Кыргыз Респбуликасынын Эл аралык арбитражда кызыкчылыктарын коргоого кеткен чыгымдарын төлөп берди. Ошондой эле компания өзүнүн Талас облусунун жашоочуларынын алдындагы социалдык жоопкерчилигин дагы унутта калтырбай, жергиликтүү бийлик органдары менен социалдык пакет боюнча макулдашууга кол коюп, анын негизинде  “Бакубат Талас” фондун түздү. Келишимге ылайык “Альянс Алтын” компаниясы иштеп баштаган үч жыл аралыгында Талас областынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында фонддун эсебине 300 млн. сом каражат которуп берди.

 

Бүгүнкү күндө Талас алтын кен комбинатынын кайра иштетүү өндүрүш комплексин куруу боюнча иш-чаралар бекитилген пландын негизинде тынбай жүрүп жатат. Иш башталгандан бери жалпысынан 19 объектиде курулуш иштери жүргүзүлсө,  учурда алардын 5өөсү бүткөрүлүп ишке берилди. Биз биринчиден эле алтын өндүрүүчү фабриканы, калдыктар сакталуучу жайды куруу үчүн керектүү болгон жолдорду салып, электр линияларын тартып, жумушчулардын жашоосуна шарт түзүү үчүн вахталык жатак үйлөрүн, кампаларды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бүткөрдүк. Электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз болуу үчүн “Чат Базар” подстанциясын толук реконструкцияладык. Булар жок негизги деп эсептелген өндүрүш объектилеринде курулуш иштерин баштоого мүмкүн эмес эле.

 

- Айтыңызчы, акыркы убактарда коомчулукта талкуу жаратып жаткан Россиялык ВТБ банкынан насыя алууңуздардын себеби эмнеде. Бул долбоорду каржылоодо көйгөйлөрдүн жаралышынан кабар бербейби?

 

- Мен бүгүнкү күндө долбоорду каржылоо жагынан эч кандай кыйынчылыктар жок экендигин баса белгилегим келет. Ачык сынакта жеңүүчү деп табылган учурдан баштап “Альянс Алтын” компаниясы долбоорго 146 млн. АКШ долларынан ашык каражат салды. “Жерүй” долбооруна жалпы инвестициянын көлөмү 600 миллион  АКШ долларын түзөт. Мунун ичинен ВТБ банкы аркылуу болгону 180 миллион АКШ доллары гана тартылууда. Мындай чоң масштабдуу долбоорлорду каржылоого ири финансылык каржы институттарынан насыя алуу бул эл аралык деңгээлде дагы, Кыргызстандын ичинде дагы пайдаланылып эле жүргөн тажрыйба. ВТБ банкы Россия Федерациясындагы     активдеринин көлөмү боюнча экинчи, уставдык капиталынын наркы боюнча биринчи орунда турган ири каржы институту экендигин баса белгилегим келет.  Мындай абройлуу каржы булактарынан инвестициянын келиши Кыргызстандын эл аралык деңгээлде инвестициялык кызыкчылыктарынын жогорулашына дагы зор таасир берет деп ойлойм. Мындан тышкары сынактын жана №3- Лицензиялык келишимдин шарттарына ылайык компанияга долбоорду ишке ашыруунун алкагында сырт жактан инвестиция, каржы булактарын тартуу боюнча милдеттеме жүктөлгөн. Бул жагынан “Альянс Алтын” өзүнө жүктөлгөн милдеттемени аткарып жатат.

 

ВТБ банкы аркылуу 180 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя алуу боюнча чечимибиз боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга биз үстүбүздөгү жылдын апрель айында эле маалымдаганбыз. Айрым түшүнбөгөндөрдүн “компания банктан насыя алар менен “Жерүй” долбоорунан чыгып кетет экен”  деген жомоктору дагы чындыкка дал келбейт. Бир дагы абройлуу каржы институту насыя берүү практикасында баардык сумманы бир эле которуп салуу жолу менен иш алып барбастыгын бул тармакта эмгектенген адистер жакшы билишет деп ойлойм. Ар бир транш бөлүнгөндөн кийин банк өзүнүн көз карандысыз консультанттары аркылуу текшерүү жүргүзүп, бөлүнгөн каражаттын максатуу пайдаланылып жаткандыгын көзөмөлдөп турат. Ар бир траншты бөлүү алдында финансылык-техникалык аудит жүргүзөт. Бул дегендик насыялык макулдашуунун шарттарына ылайык алынган каржыны башка максаттарга пайдаланып жиберүүгө таптакыр мүмкүн эмес дегенди билдирет. Биздин акционерлер дагы долбоорду ийгиликтүү  ишке киргизүүгө  кызыктар. Андыктан мен, долбоорду жарым жолго таштап чыгып кетүү боюнча эч кандай оюбуз жок экендигин ишенимдүү айта алам.

 

- Ушул насыяны алуу үчүн банка кепилдик катары лицензияны коюп жаткандыгыңыздар туралуу дагы коомчулукта ар түрдүү ойлор айтылып жатат. Бул канчалык мыйзамдуу деп ойлойсуз?

 

- Баарыбызга белгилүү болгондой, кайсыл гана каржы институту болбосун өз коопсуздугун камсыз кылуу багытында кепилдик алат. ВТБ банктын дагы юридикалык талаптарынын бири Лицензияны кепилдик катары күрөөгө коюу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын “Кен байлыктар” боюнча мыйзамында да Лицензиат күрөөгө коюу боюнча келишимдин негизинде кенди иштетүү укугун үчүнчү жакка кепилдикке коюп каржы булактарын тарта алат деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын “Күрөө жөнүндө” мыйзамында дагы, тиешелүү мамлекеттик органдын макулдашуусу менен лицензият кенди иштетүү укугуна ээлик кылуучу документти күрөөгө кое алары белгиленип турат.  Кенди иштетүү укугун берүүчү документти күрөөгө коюу дагы өлкөгө инвестиция тартуунун бирден бир  инструменти катары эсептелет. Кыргызстанда дагы, эл аралык деңгээлде дагы мындай мыйзамдуу жол менен инвестиция тартып иштеп жатышкан бир катар ишканалар бар. Биз бул жатта биринчи жолу эксперимент жүргүзүп жаткан ишкана эмеспиз.

 

Жогорудагы мыйзамдарга ылайык, биз үстүбүздөгү жылдын 15-августунда бул багытта оюбузду билдирип, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча  мамлекеттик комитетине кат менен кайрылып, алардан “лицензияны күрөөгө коюуга каршылыгыбыз жок”- деген жооп алганбыз. Анан эле 3-октярда кайра комитеттин алдындагы Лицензиялык комиссия №4230 АЕ номерлүү лицензияны күрөөгө коюу боюнча “мурдагы чечимин жокко чыгарды” деген маалымат пайда болду. Бирок, ал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын официалдуу билдирүүсү бизге келген жок. Биз комитеттин төрагасы Э.Осмонбетовдун “Лицензиялык комиссия “Альянс Алтын” компаниясы менен комитеттин ортосундагы айыптык санкцияларга байланыштуу соттук териштирүүнүн жүрүп жаткандыгынын негизинде “Жерүй” боюнча лицензияны күрөөгө коюуга макулдук берген жок” деген билдирүүсүн массалык-маалымат каражаттарынан окуп билдик. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянсак, тиешелүү мамлекеттик органдын кандай гана болбосун соттук териштирүүнү негиз кылып лицензияны күрөөгө коюуга макулдук бербей коюшу эч кандай мыйзамдык нормаларда көрсөтүлгөн эмес. Комитеттин жетекчиси билдирип жаткан соттук териштирүүнүн дагы  күрөө маселесине эч кандай тиешеси жок. Ал “Альянс Алтын” компаниясына курулуш иштериндеги кечеңдөөлөр боюнча салынган айып пулга байланыштуу маселе. Ачыгын айтсак, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө негиз болуучу мындай ири долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна таасир берүүчү маселени кароого биздин компаниянын өкүлдөрү чакырылбай, өз алдынча чечим кабыл алынышын биз туура эмес деп эсептейбиз. Бизге бул чечим  боюнча комитеттин официалдуу билдирүүсү келгенден кийин административдик даттануу менен кайра комитетке кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул багытта позициясын тактап берүүсүн талап кылабыз.       

 

 

 

Булак: “Майдан. Kg гезити”