Ош-Ноокат жолу реконструкцияланып оңдоп-түзөөдөн өткөнүнө алты жыл убакыт өтсө да, мерчемделген долбоордун уландысы - 45 чакырымдык Ноокат-Кызыл-Кыя жолу ушул убакытка чейин оңдолбой турат. Советтер Союзунан калган боюнча Ноокат-Кызыл-Кыя жолуна капиталдык оңдоо жүргүзүлбөдү. Асфальты талкаланган, тамтыгы чыгып ар жеринде чуңкурчалар, күн жааганда көлчүктөр пайда болгон жол менен күнүнө он миңдеген автоунаалар ары-бери катташат. Ушундай жол менен жүргөн автоунаалардын да күн мурунтан тамтыгы чыгып, бат-бат бузулууда.

 

Ноокат-Кызыл-Кыя жолунун Көк-Жар айылындагы көпүрөөнүн бузулганына беш-алты жыл убакыт өтсө да, жаңы көпүрөө курууга өкмөттүн чама-чаркы келбей, унаалар жолду айланып өтүп жол жарым чакырымдай узарды. Ноокаттан Кызыл-Кыяга мурда бир саатта жетсең, азыр өңгүл-дөңгүл жол менен бир жарым саатта араң жетесиң. Айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү ашыкча убаракерчиликке салып жатканы жаткан.

 

Балким, жолдун курулушуна мурдагы коррупциялык адаттар жолтоо болуп жаткандыр. Мисалы, долбоордун чыныгы сметалык баасы 1 млрд. сом болсо, баа 2 млрд. сомго бычылмайынча иш башталбай катып тургандыр. Чиновниктердин чөнтөгүнө жарым акчасы түшмөйүнчө кыймылдап койбосу белгилүү. Элдин түйшүгү аларды кызыктырбайт. Негизинен иш аткаминерлердин жеке кызыкчылыгына чечилиши шарт. Мүмкүн, президент Сооронбай Жээнбеков айткандай, кайсы аймакта депутаттар, министрлер көп болсо - ошол аймакта инфраструктура оңолуп, калган аймактарда көйгөйлөр чечилбей, артта калууда… Абсамат Масалиев Кыргызстандын биринчи катчысы болуп иштеп турганда, бардыгы план боюнча тегиз, рационалдуу ишке ашсын деп, өзүнүн туулган айылы Үч-Коргон-Чаувай жолун асфальттатып койгон эмес экен. Азыркы күнгө чейин ал жолго асфальт төшөлбөй 19-кылымдагы бойдон турат. Азыркы жогорку кызматтагылар да Абсамат Масалиевден үлгү алышса, аймактардагы көйгөйлөр бир кылка чечилмек.

 

Качан биздин өлкө өз каражатына жолдорду курала турган даражага жетет экен? Же чет мамлекеттердин көзүн карап, тышкы карызыбызды өстүрө беребизби…

 

Жаңы келген бийлик да  көмүскө салык, жашырылган бажы төлөмдөрү менен күрөшүүгө алсыздык кылып жатат. Салык, бажы төлөмдөрү боюнча кардиналдуу өзгөрүүлөр болгон жок. Себеби, экономиканын, бизнестин майлуу-сүттүү жерлерин мурдагы жана азыркы бийликтин өкүлдөрү ээлеп алгандыктан, “карга карганын көзүн чокубайт” болуп, экономикалык өнүгүү ыргагы Атамбаев заманынан да артта калып, оорчулук карапайым калктын мойнуна жүктөлүүдө. Бир коррупционердин аялы ишкермин деп арам акчаларга соода борборун ачып койсо, аймактар өнүгүп жатат деп, телеберүүлөрдөн он жолу кайталап көрсөтүүдөн тажабадык. Кедей мамлекеттен миллионерлер, миллиардерлер чыгып жаткандан кийин бюджетибиздин киреше бөлүгү 130 млрд. сом эмес, 200 млрд. сом болушу турган иш. Ошондо Кыргызстан өз акчасына жол, көпүрөө курганы  кудрети жетип калат.

 

 

 

Кадырбек Эшмурзаев, Булак: “Майдан. Kg гезити”