Бишкекте дарыгерге карата кылмыш иши козголду. Ал №8 поликлиникада иштейт. 

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исмаилова билдирди. Айтымында, 16 жаштагы кызга дарыгер туура эмес диагноз коюп, анын негизинде туура эмес дарылануудан улам үчүнчү күн дегенде, ушул жылдын  1-сентябрында  кыз көз жумган. 

 

"Невропотологдун диагнозу туура эместигин кайталанган экспертиза да далилдеди. Кызда инсульт болгон эмес. Бирок, дарыгер аны инсульт деп атап, ошого жараша дары - дармек жазып берген. Үчүнчү күнү укол алгандан кийин кыз каза тапкан. Анткени, ал алып жаткан дармектер мээнин иштешин бузаары белгилүү болду", - деди депутат. 

 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи. Дарыгер "Целитель" жеке клиникасында да иштеген, ошол жерден кызга томография жасалып, диагноз коюлган. Эл өкүлү Саламаттыкты сактоо министрлигине  аталган жеке менчик клиниканы текшерүү алууну сунуштады.