- Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (КПФ) тегерегинде чыр-чатактар токтобой, күн сайын күчөп жатат. Бул жагдай федерациянын коррупцияга белчесинен батканынан кабар береби?

 

Олжобай Токтосунов, коомдук ишмер:

 

“Кыргызстан профсоюздар федерациясы - мокок уюм”

 

-  1997-жылдын аягында Данияда практика өтөп калдым, ошол жердин профсоюздук комитеттердин шумдук ишмердүүлүгүн көрдүм. Ал жердин профсоюздары журналисттердин укугун коргоп, 3 күндүн ичинде кайрылган тараптын маселесин чечип, айлыктарын, социалдык пакетин көтөрүп койду. Демек алардын ал жерде күчү бар экен. Ал эми биздин, Кыргызстан профсоюздар федерациясы ошол Даниядагы профсоюздардай иштей албайт. Анын эки себиби бар. Биринчиден, учурда профсоюз уюму абдан мокок, анткени иш берүүчүлөр менен да, мамлекет менен дагы КПФ жакшы иштебейт. Экинчиден, элдин профсоюздарга ишеними жок, көп маселени сотко жеткирбей эле чечсе болот, бирок аларды эл билбейт, анткени профсоюздар эл менен начар иштейт. Мамлекеттин убактысы жетпеген, же карабаган маселелерди профсоюз карап, ошол боштукту профсоюздар чечиш керек, мисалы жеке сектордо, өндүрүштө, чарбада, кыскасы баардык жерде профсоюз элдин таламын талашып туруш керек эле. Кыскасы, элдин коргоочусу болуш керек, бирок азыр андай эмес. 

 

Айбек Мырза, жарандык активист:

 

“Федерация жетишээрлик иш кыла албай жатат”.

 

- Менин билгенимде, Кыргызстан профсоюздар федерациясы жетишээрлик иш кыла албай жатат. Анткени коомдо профсоюздун орду, максаты, жоопкерчилиги жөнүндө, кыла турган иштери боюнча элде маалымат аз. Тилекке каршы профсоюз жабык уюм болуп калды, ал эмне иш кылып жатканы белгисиз, деги эле билинбейт. Мисалы ал Евпропадагыдай ачык, эл менен иштеген, элдин укугун коргон уюм болуш керек эле, бирок элге маалыматты туура жетпей жатат.

Менимче бул тармак чоң реформаларды муктаж. Башка өлкөлөрдүн иш тажрыйбасын карап, алардын ийгиликтүү ыкмаларын бизде колдонуш керек. Профсоюздардын мүчөлөрүн көбөйтүш керек, мисалы ошол эле банктарда профсоюздук комитеттер аз, жокко эсе деп деле айтса болот, кокус кандайдыр бир себептер менен банк кызматкери жумушунан бошотулган болсо ал тилекке каршы коргоосуз калат, анткени ал жакта профсоюздар жок. Мына ошол жактан да профсоюздар аксап жатат, ал эми банктардагы профсоюздарды түптөө, алардын мүчөлөрүн көбөйтүү бул түздөн-түз Кыргызстан профсоюздар федерациясынын иши, ал эми ал тармак боюнча иш жүргүзүлгөн жок.

 

Самат Алиев, коомдук ишмер:

 

“КПФ өзүнө милдеттүү миссиясын аткарбаганы аз келгенсип, профсоюз кыймылына шек келтирип жатат”

 

- Кыргызстан профсоюздар федерациясы тилекке каршы, бүгүнкү күнү жумушчулардын укугун коргоодо эң пассивдүү коомдук бирикме десем жаңылбаймын. Эгемендүүлүк күнүнөн баштап кандайдыр олуттуу маселелерди көтөргөнүн уга элекпиз. Ал эми мыйзам  долбоорлорун көтөрүп чыгуу, бул фантастика менен тете болот го. Азыркы убакта, дүйнөлүк профсоюздук кыймыл жаңы стандарттарга өтүп, керек болсо саясий чөйрөнү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алган. Партиялар жана уюмдар алдыңкы профсоюздук уюмдар менен пикирлеш болгону аракет кылат. Мындай көрүнүштөр алдыңкы батыш мамлекеттеринде гана эмес, Бразилия, Аргентина, Туркия, Индия жана башка өлкөлөрдө орун алган. Көптөгөн көз карандысыз профсоюздук кыймылдардын керектиги учурдун талабы. КПФга 5 баалык ченемдин негизинде, эки деген баа берем. Өзүнө милдеттүү миссиясын аткарбаганы аз келгенсип, профсоюз кыймылына шек келтирип жатышат.

 

Күнболот Момоконов, “Айкын саясат” гезитинин башкы редактору:

 

“Профсоюз жаатта да коррупция бар экени белгилүү”.

 

- Биздин өлкөдө мамлекет катары, мыйзамдардын, нормалардын негизинде түзүлгөн түзүлүштөрдүн баардыгынын оз орду бар. Кеп аны ишке ашырууда, ишке салууда болуп жатат да. Кыргызстан профсоюз уюму деле ошол сыяктуу бар экени билинбеген, керек учурда кайрылган айрым адамдардын маселесин чечпесе, дегеле бар экенин жана алардын милдети, миссиясы эмне экенин билбегендер толтура. Кыргызстанда туура иш алып барса профсоюздун орду абдан маанилүү болмок. Бизде жалданма жумушчулук көп. Андай учурда алардын укугун коргоо, таламын талашуу же иш берүүдө, же иштеп берүүдөгү эмгек келишимдери деген нерселерди туура жолго койсо, бизде абдан жакшы болмок. Кылмыштар, укук бузуулар коп. Эмгек кодекси деген дегеле бизде түшүнүк элде аз.

Демек, профсоюз дегендин иши начар, жок десе болот. Ал өзүнчө кимдир бирөөлөрдүн оозун басып олтура туруучу кызмат болуп калды. Албетте, мыйзамды, кодексти сыйлаган жогорку компаниялар, мамлекеттик мекемелер үчүн иш жүргүзүп жатышы мүмкүн. Алардын иши жөнөкөй катмарга да жетиши керек, себеби, колунда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Маселен, алар жумушчулардын эмгек акысындагы маселеде эле эмес, эмгек өргөөсү, эс алуусу, саламаттыгы үчүн да жооп бере турган тармак. Тийиштүү пансионат, санаторийлери бар. Бирок, аларга көп учурда тааныш билиш менен барып, такыр эле тиешеси жок адамдардын барып дарыланып, эс алып келген окуялар көп. Демек, бул жаатта да коррупция бар экени белгилүү эле да. Анын үстүнө, азыр ар бир мекемеде контролдоочу кошумча бийликти киргизип алышты. Маселен, байкоочу кенеш. Системада ырааттуулук жок. Бизде бир эле коррупция ооруу болуп аткансып, ошонун этегинен эле түшүп, майда профсоюздай уюмдардын орду, баркы билинбей жатат.

 

Кубатбек Байболов, КР экс-башкы прокурору:

 

“Иш жүзүндө эмгек жамааттарынын кызыкчылыгын коргоого жөндөмү жокко эсе”

 

- Профсоюз уюмдарынын ишинен анчейин кабарым жок эле, анткени менен алардын, биздеги партиялар сыяктуу эле, өзүлөрү көзөмөлдөгөн, тийиштүү тармактарга тиешеси оолак экендиги айгине. Андыктан алардын легитимдүүлүктөрү да күмөндүү, чындап, иш жүзүндө эмгек жамааттарынын кызыкчылыгын коргоого жөндөмү жокко эсе.

Негизги мүчүлүштүк алардын түзүлүшүңдө. Коллективдер шайлаган эмес да. Дагы бир маанилүү нерсе, бул уюм, Советтик профсоюз мүчөлөрү акча чогултуп түптөгөн мүлккө алеким саатта кожоюн болуп жатып калгандыгында. Ал мүлк улутташтырылышы керек болчу.

 

Калича Умуралиева, укук коргоочу:

 

“Профсоюздар өзүнүн милдеттерин так аткарбай жатат”

- Менин оюмча Кыргызстан профсоюздар Федерациясы өзүнүн милдеттерин так аткарбай жатат. Себеби бул профсоюз уюму  бюрократиялык уюмга айланып, өзүнчө эле бир коррупцияга малынып калган структура болуп калды. Совет кезинен калган мүлккө кызыгып, анын баарын талкалаган “профсоюз” болуп калды. Кимге жардам берип жатышат?

 

Асия Сасыкбаева, экс-депутат:

 

“Профсоюз федерациясынын бары-жогу деги эле түшүнүксүз”.

 

- Профсоюз  жумушчулардын, эмгекчилердин укугун коргой турган уюм болуш керек. Ал эми биздин мамлекетте профсоюздун бары-жогу деги  эле түшүнүксүз. Бүгүнкү күнү бир топ тармактардын профсоюздары бар, мугалимдердин, дарыгерлердин, керек болсо депутаттардын профсоюздары бар, бул профсоюздар алардын мүчөлөрүн жеке же, мамлекеттик иш берүүчүлөрдүн кысым-басымдарынан коргош керек.

Бирок, азыркы профсоюз федерациясы учурда өзүнүн милдеттерин аткара албай жатат. Мисалы, кафе-ресторан тармагында миңдеген адамдар иштейт, ошол эле официант кыздар-балдар, алар жумушка алынып, андан кийин кандайдыр бир себептер менен иштен бошотулса алардын укуктары корголбой кала берет. Бизде, өзгөчө жаштарды иш берүүчүлөр аябастан колдонуп, кокус бир нерсеси жакпай калса көчөгө ыргытып салышат, анткени алар билет, жаштарга болуша турган эч ким жок, профсоюз федерациясын айтпай эле коёлу. Мындай жат көрүнүш өзгөчө тейлөө жана чет элдик компанияларда арбын. Андан тышкары профсоюздар жеке жана мамлекеттик тармактарда оор иш менен алек  адамдарын жумуш шарттарын жакшыртуу маселелерин көтөрүш керек эле, бирок алардын иши андай эмес.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити