Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев шаардагы автоунаа тыгыны боюнча маселе көтөрдү.
"Шаарда автоунаа тыгыны айрыкча көбөйдү. Ар күнү кичирайондун тургундары жумушка баруу үчүн эртең менен бир жарым саат, кечинде бир жарым саат коротушат. Кырдаалды тез арада оңдош керек. Эмнеге биз маршрутка же машиналарда көпкө күтүп отурушубуз керек? Мэр абалды жөнгө сала албай жатат. Демек, бул маселени чечүү үчүн жумушчу тобун түзүү зарыл. Мисалы, эртең менен жана кечинде, жол тыгындары арбыган маалда автоунаа кыймылын бир гана багытта кылуу керек, эртещ менен кичирайондордон борборду көздөй, кечинде борбордон кичирайондорго карата", - деди депутат.