Ар кандай жагдайлардан улам ата - энесиз калган бөбөктөрдүн тагдыры депутат Ирина Карамушкинаны санааркатууда. Ал акыркы учарда мамлекеттин карамагындагы балдар боюнча сырдуу иштер болуп жатканына токтолду. 

 

"Эмнеге аларды башка жактарга берип жатабыз? Кыргызстанда ушунчалык эле эл батпай жатабы? Аларды мамлекет камкордугуна алып багышы керек", - деди депутат. 

 

Ошондой эле ал балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн да турмуш толкунунда калтырбай, камкордук көрүү зарылдыгын белгиледи:

 

"Балдар үйүндө тарбияланып, эрезеге жеткендер үчүн жатакана курууга убакыт келип жетти. Алар балдар үйүнөн чыккандан кийин бара турган жери жок ар кандай кылмыштарга аралашып кетип жатышат".