Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкекке айнек тыштуу жылуу аялдамаларды курууну сунуштады. Айтымында, буга мамлекеттен акча деле кетпейт.
"Суук түшкөндөн бери коомдук транспорттун жүрүшү кечеңдеп, жарандар сааттап аялдамада автобус күтүп турушат. Ишенбесеңер, бүгүн кечинде баратып машинеңердин терезесинен карасаңар, энелер, жаш балдардын үшүп турганын көрөсүңөр. Ошондуктан, мен айнек тыштуу жылуу аялдамаларды курууну сунуштайт элем. Ага каражатты ар бир аялдамада ири компаниялардын жарнамалары илинип турат, ошолордун төлөмүн колдонуу керек. Мисалы, "Демир Банк". Жаңы аялдама куруп, ичине ошол банктын терминал, банкоматтарын да орнотуп коелу. Автобус, маршруткаларды расписаниесин да жазып илели. Ошентип, жаңы заманбап шартка өтөлү", - деп сунуштады депутат Марлен Маматалиев.