Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери  жолугушту.

 

Жолугушууга катышкан Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев облустун инвестициялык дарамети туурасында маалымат берип, бардык тармактар боюнча кызматташууга мүмүкүнчүлүктөр кеңири жана шарттар бар экендигин баса белгиледи.  Эки облустун социалдык-экономикалык алакасын жакшыртууга багытталган иш-чарага Өзбекстандын Фергана облусунун аймактык соода-сатык палатасынын башчысы Отабек Атабаев баштаган  23 ишкананын өкүлдөрү дагы катышышты. Ал эми Баткен облусунан 30 жеке ишкер жолугушууга катышып, алдыда кайсы багытта, кандай нукта иш алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

 

Фергана облусунан келген делегациянын курамында мөмө-жемишти кайра иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын өкүлдөрү жана ири көлөмлө продукцияны чет жакка экспорттогон ишкерлер дагы бар. Бул күнүн Баткен облусунун аймагындагы кен байлыктар жана айыл чарба продукцияларынын чакан көргөзмөсү дагы уюштурулду.

 

Ошентип, аталган эки облуустун ишкерлери кеңири жана эркин форматтагы жыйында сүйлөшүшүп, бир канчасы биргелешкен ишканаларды ачуу эаатында өз ара макулдашууга үлгүрүштү.