Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги ТҮРКСОЙдун обончулары жана бийчилеринин мастер-класстарын уюштурду.

 

ТҮРКСОЙдун обончуларынын мастер-классы Токио көркөм-өнөр университетинде өттү. Студенттер Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Башкортостандын элдик музыкалык аспаптарынын тарыхы жана күүлөрү менен кең-кесири таанышты. Ал эми обончулар аспаптардын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшүп, обон жаратуу жана импровизациядагы жаңы идеяларды студенттер менен бөлүшүшүтү. Мастер-класстын жүрүшүндө алган билим жана тажрыйба, студенттердин мындан аркы талантынын өөрчүшүнө жана кесиптик жактан өсүшүнө гана өбөлгө жараатырына ишендиришти. Мындан тышкары бийчилердин мастер-классы Япониянын Улуттук театрында өттү.  ТҮРКСОЙдун бийчилери жана Япониянын хореографтары бири бирине өздөрүнүн улуттук бийлериндеги кыймылдардын элементтерин көрсөтүшүп, алардын тарызы туурасында кенен-чонон айтып беришти.

 

Бул иш-чарага ТЮРКСОЙдун Баш катчысы Д. Касеинов, Кыргыз Республикасынын Кочи префектурасындагы Ардактуу консулу Т. Накажима,  Япониянын улуттук бийлердин алдыңкы хореографтары В. Сатоджиро, Х. Шюеи, Ф. Етцуко, жана "Japan Times" корреспонденти Й. Миуралар дагы катышышты.Мастер-класстар ТҮРКСОЙдун уюшулгандыгынын 25 жылдыгына арналып Японияда өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын түрмөгүнүн  алкагында уюштурулду.