Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери арасында футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул спорттук беттешүү ак халатчандардын кесиптеши Бакай Сабировдун жаркын элесине арналып, анда алты команда ат салышты. Мелдешке Эл аралык футбол арбитри Бахадыр Кочкаров калыстык кылды.
Айтмакчы, Бакай Сабиров 2012-жылдан тарта өмүрүнүн акырына дейре Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Жүрөк кан-тамыр бөлүмүндө хирург сыңары татыктуу иштеди. Буга удаа Түркиядан билимин жогорулатып келип, “Ош-Кардио” медициналык борборунда перфузиолог катары эмгектенчү. Былтыр 31 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
- Уулум Бакайдын Кыргыз медицинасына зор салым кошуу ниети бар эле. Анткени, ал жүрөккө операция жасалып жатканда канды жасалма айлантып туруучу татаал жабдыкты иштеткен Оштогу жападан жалгыз дарыгер эле, - деди деди «Бакай Сабиров» фоомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Баатырова. - Биз уулумдун аткарылбай калган тилектерин орундатуу максатында моминтип атайын фонд ачтык. Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы аз, камкордук жетишсиз экени баарыбызга белгилүү. Ошондуктан, мамлекетке аз дагы болсо жөлөк болсун деген ниетте мындан ары хирургдарга, дарыгер болгусу келген колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарына туруктуу көмөктөшүүнү чечтик. Бур турнир алгачкысы. Буюрса, башка дагы түмөн иш-чараларды өткөрмөкчүбүз.
Баса, аталган коомдук фонд буга чейин эле Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Жүрөк-кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнө жардам көрсөтүп, эмеректерди сатып берген. Эмки окуу жылынан тарта стипендиялык программасын дагы баштоону пландап жаткан чагы.