Орусиянын башкалаасындагы кинотеатрларда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата калемгердин чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмалар байма-бай көрсөтүлүп жатат.  Бул жөнүндө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын  Байымбетова сүйүнчүлөдү.

 

- Маселен, Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм" киностудиясынын жана Орусиянын Маданият министрлигинин колдоосу аркасында Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чаралардын экинчи бөлүгү башталды. Москва шаарынын «Звезда”, “Факел”, “Юность” кинотеатрларында жалаң гана Кыргыз фильмдерин көрсөткөн  кинодекада өтүп  жатат. Он күн аралыгында «Ак Кеме”, “Кызыл алма”, “Караш ашуусунда”, “Бойго жетелектерге бейтапкана", “Ак илбирстин тукуму”, “Зной” жана башка тасмалар көрөрмандарга үстөккө-босток тартууланат, - деп кошумчалады Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын  Байымбетова.

 

Ошентип, Москвадагы Кыргыз диаспорасы менен биргеликте Орусиянын башка аймактарында дагы мааракеге арналган түрдүү өңүттөгү иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатат. Анткени, залкар жазуучунун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде татыктуу белгилөө максатында былтыр Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы жарыяланган.