Өзгөн районунда 1005 адам дагыле жер көчкү коркунучу бар аймактарда жансактап келатышат. Ушул тапта коопсуз тилкелерден жер алуу үчүн булардын баары тийиштүү документтерин тапшырышты. Бул жөнүндө Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев кабарлады.

 

Былтыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусуна ылайык 1039 кишиге жер тилкеси тартылган. Мунун ичинен 17 гектар аянт тарыхый мурас жер болгондуктан, ушул тапта башка аймактан жетиштүү аянтты трансформациялоо жараяны жүрүп жатат. Ал эми экинчи баскычтагы кезекте 1005 жаран турат. Буларга райондун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө чектеш Кочкор-Ата тилкесинен 108 гектар ажыратылды. Азыр аймакты трансформациялоо гана жүрүп жатат, - деди Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев.