Баткен шаарында коңшулаш Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Чек ара кызматкерлеринин ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү.  Бул иш-чара Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын  Фергана, Тажикстандын Согди облустарындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлчүлүктөрүнүн өз ара кызматташуу жөнүндөгү  жылдык иш мерчеминин алкагында  Баткендеги 2001-аскер бөлүгүнүн демилгеси менен  уюштурулду.

 

Мелдешти  Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев салатанаттуу кырдаалда ачып, өлкөнүн коопсуздугу, элдин тынчтыгы үчүн чек арада кызмат өтөп жатышкан чек арачылар үчүн мындай мелдеш, үч мамлекеттин чек арачылары үчүн биргелешип кызматташууда мааниси зор экендигин баса белгиледи. Анан дагы мындай алака коңшулаш калктардын ынтымагын жана достугун арттырууга чоң салым кошот деп ишендирди.

 

Ошентип, мамлекеттер аралык бул мелдеш “Чек арадагы кызматташтык-спорттогу биримдик”" ураанынын аталышында жүрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алымбаев баштаган чек ара кызматынын жетекчилери, коңшу өклөлөрдүн Чек ара кызматынын жетекчилери дагы катышты.

 

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Кыргызстандын Баткен, 2-орунду Өзекстандын  Фергана, 3-орунду Тажикстандын Согди облустарынын чек арачылары ээлешти. Баарына тең кубоктор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.