Кыргызстанда эң коркунучтуу кесип журналист болуп калды окшойт. Мындай пессимисттик ойду айтууга өлкөбүздө калемгерлерге карата жасалып жаткан мамилелер аргасыз кылууда. Албетте, кимдир-бирөөнү, айрыкча бийликти мактап жазсаң гонорарын өзүнчө, сыйлыгын өзүнчө алып маарыйсың дечи. Тилекке каршы кесиптик жана адамдык абийириң жол бербей, чындыкты айтып, жазып койсоң эле балээге калганың ошол. Өзгөчө Эгемендүүлүк жылдары бийликтин келишкис оппозициясына айланган Г.Павлюк, А.Саипов сыяктуу кесиптештерибиз мыкаачылык менен өлтүрүлсө, калганы уруп-сабалып, жетишкени чет өлкөлөргө качып кетип, капаска түшкөндөрү соттолуп, маалымат каражатынан айрылып калышууда. Ошондуктан аты аталган чиновниги деле, криминалы деле өзүнүн ак же көк экендигин сөз менен билдире албай, бири сотко берип айлаңды кетирсе, экинчиси уруп-сабап коркутууда. 9-ноябрда Санрабия Сатыбалдиева аттуу кесиптешибизге эртең менен үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө бычак шилтеген. Ал азыр ооруканада. Дарыгерлер жараат алган колун тигип беришти. Эмнегедир милицияга арыз жазуудан баш тартыптыр. Ага карабай кылмыш иши Кылмыш-жаза крдексинин 151-беренесинин (“журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу”) негизинде факт боюнча козголду. С.Сатыбалдиева – “YouTube” сайтындагы Malina.TV каналынын негиздөөчүсү жана алып баруучусу. Ал эфирден түрдүү социалдык маселелерди көтөрүп чыгып жүргөн. Бул көрүнүш дүйнөгө демократиялуу, сөз эркиндиги кеңири жайылган өлкөбүздө чындыкты айткан журналисттик кесиптин ээлеринин өмүрү коркунучта экендигинин белгиси эмеспи?
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити