Эски бийликтин тушунда Россия менен Нарын дарыясынын жогорку агымына бир нече ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзүлүп, ага орус тарап олчойгон доллар менен акча которуп, иш башталганда ортодон эле келишим бузулуп калган эмес беле. Азыр бул ири энергетикалык долбоордун үзгүлтүккө учурашына Кыргызстандын ал кездеги жогорку бийлиги күнөөлүү экендиги белгилүү болууда. Андыктан аталган долбоорду аткарууну колго алып, каражат саптаган "РусГидро" компаниясы кыргыз бийлигинен 37 млн. АКШ долларын талап кылып, Гаага сотуна кайрылгандыгын Кремлдин саясатын жүргүзгөн басылмалар жазып чыгышкан. Бирок биздикилер адатынча укса укмаксан, көрсө көрмөксөн болушуп, “андай кат келген жок”,- деп гана анткорлонушкан болчу. Ушул жумада “РусГидронун” маалымат кызматы өз сайтына "Жогорку Нарын ГЭСтер каскады" долбооруна байланыштуу анын арызын карай турган курам жана соттук иштин графиги аныкталганын расмий маалымдады. Анда компаниянын Кыргызстанга каршы даттанган арызына кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 15-апрелинен кечикпей жооп бериши керек болот. “РусГидро” ошондой эле расмий Бишкектин “соттошуу жөнүндө кабарлоо каты келген эмес” деген билдирүүсүн төгүндөдү. Компания 2018-жылдын 15-январында Кыргызстандын президентинин, премьеринин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тийешелүү мекемелердин атына иш арбитраждык сотко берилгени тууралуу маалымдама жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошентип Гаага сотунда эки тарап беттешери белгилүү болуп калды. Эми утулуп калсак, ал акчаны жегендер төлөйбү же адаттагыдай эле элдин мойнуна түшөбү?
Булак: “Майдан. kg” гезити