Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна Жунусов Ибрагим Коджоназаровичтин талапкерлигин жактырды.
Эске салсак, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызмат орду 2018-жылдын март айынан бери бош турган. Ал эми Ибрагим Жунусов буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келген.