Электр энергияга болгон баа кымбаттабайт. Бул өкмөттүн күн тартибине кирген эмес. 

 

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, тарифтер боюнча маселе ачык талкууга алынат.  Премьер- министр Абылгазиев энергетиктерге  техникалык жоготууларды кыскартуу, бардык чыгашалар менен сарптоолорду оптималдаштыруу милдетин койгон жана  бул жааттагы  коррупцияны токтотууну да айткан. 

 

Ошондуктан, өкмөт энергетика тармагынын өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди калыс карап, баа саясаты жетимдүү болушун шарттайт.