Орусиянын Екатеринбург шаарында Свердловск облусунун Маданият министрлигинин колдоосу аркасында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси аркасында В.Г. Белинский атындагы Свердлов облустук универсалдык илимий китепканасы тарабынан уюштурулган «Повести гор и степей» көргөзмөсү ачылды.

 

Кыргыз Эл жазуучусу жана заманбап көркөм сөз өнөрүнүн классиги Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасынын көргөзмө долбоору аймактын башкы китепканасынын фондунда сакталган бай китеп-журнал материалдарынын негизинде түзүлгөн. Ири ретроспективдүү бул көргөзмө Чыңгыз  Айтматовго тиешелүү макалалардан, интервьюлардан, чыгармаларынын үзүндүлөрүнөн, архивдик сүрөттөрүнөн, өмүр баянынын кызыктуу фактыларынан куралып,  жазуучунун жалпы чыгармачылык бейнеси жана анын дүйнөлүк маданият жана искусстводогу ордун даана чагылдырат.

 

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери катышты. Консул Нурлан Алымбеков саламдашуу сөзүн айтып, артынан  эстеликке белек-бечкектерин тапшырды. Буга улай Свердлов облустук телеокаомпаниясына дагы кызыктуу маек курду.

 

 

«Повести гор и степей» көргөзмөсү бардык каалоочулар үчүн  эки айга созулат. Жазуучунун чыгармачылыгына арналган «Айтматов күндөрү» эскерүү иш-чаралары Орусиянын Орто Урал аймагында жайланышкан бир катар облустук китепканаларда дагы улантылат.