Ош облустук төрөт үйүндө он алты жаштагы кыз үч кило салмактагы уул төрөдү. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Кыз доктурга түшкөндө, «Жашым он сегизде» деп жалган айткан. Аны төрөтканадан чыгараарда гана папортунун ордуна туулгандыгы туурасындагы күбөлүгүн араң көрсөткөн. Анда «2002-жылы туулган» деп даана жазылып турат. Ошондо гана төрөтканадагылар бул туурасында милицияга кабарлашкан.
Айтмакчы, кыз Өзгөн районунда жашачу экен. Ата-энеси бар. Ушул тапта наристенин саламатчылыгы жакшы.