Бул иш-чара Орусиянын Краснодар крайына караштуу Анапа шаарында өттү. Сынакка жалпы жонунан 50 чакты команда катышышты.

 

Ноокат районуна караштуу Камбаралы Бобулов атындагы мектептин "/ч жарык" командасы жол кыймылы боюнча жаш инспекторлорунун мамлекеттер аралык сынагында I-орунга татыды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Баса, жаш инспекторлордун мамлекеттер аралык сынагына Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Белоруссия, Тажикстандын мектеп окуучулары катышты. Жыйынтыгында Ош облусунун Ноокат районундагы Камбаралы Бобулов атындагы мектептин 8 окуучудан турган  "/ч жарык" командасы мыкты деп табылды.

 

Сынактын программасы бир нече этаптан тургандыктан, ноокаттык окуучулар буга көп убакыт даярданышты. Алар жол кыймылынын эрежелерин сактоону артисттик менен, башкача айтканда ыр, бий, теардык сценалар менен мыкты көрсөтүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты — жол кырсыктын кесепетинен жаш балдарды сактоо,  аталган көйгөйгө мекеме-уюмдарды, деги эле коомчулукту көңүл бурдуруу эле.