Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин серепчилери Кыргыз-Орусия мамилелеринин келишимдик-укуктук базасын инвентарлаштыруу жаатында кеңешип-макулдашышты.

 

Бул консультациялардын жүрүшүндө серепчилер Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда мамлекеттер жана өкмөттөр деңгээлинде бекитилген  келишимдик-укуктук документтерди салыштырышып, кеңири тескешти. Ошондой эле кол коюлган эки тараптуу эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү үчүн ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылышын жана айрым эл аралык келишимдердин күчүн жоготкондугун таануу боюнча маселелерди дагы карап чыгышты.

 

Соңунда тараптар жетишпеген документтердин көчүрмөлөрү менен алмашышты. Маселен, Эл аралык келишимдердин, нота-билдирүүлөрдүн жана ратификациялык грамота алмашуу тууралуу протоколдордун көчүрмөлөрүн дагы алганга үлгүрүштү.