Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Айбек Айылчиев аттуу жарандын соту болууда. Аталган соттун канцеляриясынан билдиришкендей, ал жаран алдамчылыкка айыпталган. 

 

Маалыматка караганда, процессти судья Мирлан Термечиков алып барып жатат. Айыпталуучу кылмышын моюнуна албай, арыз жазган тарапты биринчи жолу көргөнүн айткан. Жабырлануучулардын адвокатынын айтымында, Айылчиев жабырлануучунун ишенимине кирип, дунган жаштарынын ассоциациясын түзөөрүн айткан. Банк чектекрин көрсөтүп, эсеп ачуу үчүн кошумча төлөм жүргүзүү зарылдыгына ынандырган. Жабырлануучу 116 миң доллар алып барып берген. 

 

Мындан кийин Айылчиев көздөн кайым болгон. Алданганын түшүнгөн жарандар милицияга кайрылышкан.