Ноокат районуна караштуу Караташ кыштагынын тургуну Эрмек Тагаев 2017-жылдын бери Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнө алма ширесин экспорттоп келатат. Жыл сайын аталган жактарга кеминде 500 тонна продукту жөнөтүп турат.

 

Эрмек Тагаев жакында өндүрүшүн кеңейтүү максатында жаңы жабдыктарды сатып алып, ишке түшүрдү. Ошентип, мындан ары алма ширесин «Пюр-Пак» кутучасына бир литрден куюп чыгарууда. Маалыматка карганда, Ноокат району Кыргызстанда алма өндүрүү жагынан алдына ат салдырбай келатат. Маселен, эми бизнесмен Эрмек Тагаев алма ширесинин түрлөрүн абдан көбөйттү. Азыр бул ишканадан алма-малина, алма-айва, алма-кулпунуай өңдөнгөн ширенин түрлөрү дагы байма-бай өндүрүлүүдө.

 

- Азырынча ширенин түрлөрүн Орусия менен Казакстанга гана жөнөтүп жатабыз. Калгандары ички базарларда сатылууда. Бир сезондо (төрт айда) 499-599 тонна шире өндүрүүгө үлгүрүп жатабыз. Компаниябызда 26 адам туруктуу иштеп жатат, - деди Эрмек Тагаев.

 

-  Ата Мекендик «ЭУМ» өндүрүшүнүн алма ширеси башка өлкөлөрдүн алма ширесинен сапаты жагынан кем эмес! Ошондуктан, Казакстан, Орусия, Тажикстан базарларында эч кыйынчылыксыз эле соодаланып жатат. Жаңы жабдыктар келгенден бери анын сатылуу аймагын кеңейтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатабыз, - деди Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Мухаммедхалил Турдуев.

 

Айтмакчы, бул идея Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун негизинде жүзөгө ашырылууда. Муну Финялндиянын Өкмөтү каржылап жаткан чагы. Маселен, заманбап жабдыктарды эле сатып алганга 4 миллион 760 миң сом сарпталды.