Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан “Жашыл экономика” боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу алкагында аталган мамлекеттин аймагында эмгектенип жана жашап жатышкан мекендештери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Замирбек Аскаровго алыстагы мекендештеринин бүгүнкү жашоо-шарттары тууралуу маалымат берилди. Андан соң олутуу көйгөйлөрү туурасында дагы айтылды. Буга улай бетме-бет маектешүү жүрдү. Квргвз Өкмөтүнүн төрасыгынын орун басары бардык сунуштарды тыңдап, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги жана Башкы консулчулугунун иштери боюнча мекендештеринин пикирлерин укту.
Жалпысынан иш-чарага Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында убактылуу жашап жатышкан 60ка чукул мекендештерибиз катышты.