Соцтармактарда бир сүрөт жарыяланды. Анда, крим дүйнөсүнүн аталыгы катары таанымал Камчы Көлбаев менен УКМКнын мурдагы кызматкери жанашып турушат. Бул соцтармак колдонуучуларынын талкуусун жаратууда. 

 

Сүрөттөгү УКМКнын мурдагы кызматкери буга чейин да коомчулукка жосунсуз жоругу менен таанымал болгон. Ал көп кабаттуу үйдүн алдындагы жаш балдар түшүүчү бассейнге түшүп алып, анысына каршы болгон кошуналарын кызматы аркылуу коркутууга алганы видеого тартылып, интернетке тараган болчу. Эми анын кримдүйнөнүн мүчөсү менен болгон сүрөтү жарыяланды. 

 

"Чекист эч убакта мурдагы болбойт" деген кеп бар эмеспи. УКМКда иштебей калган чакта да ал чекист бойдон калат. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоочу башкы комитеттин бир убакта ичинде жүрүп, сырын билген кызматкери Көлбаев менен жакшы мамиледе экени ар кандай божомолдорду пайда кылууда.