Билим берүү сапатын көтөрүү менен гана өнүгүү тууралуу ойлууга болот. Мындай пикирин депутат Абдувахаб Нарбаев билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйыны өтүүдө. Анда “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Тармактык комитеттин кеңейтилген жыйынында КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.
“Келечекте билим берүү тармагын көтөрбөсөк, эч өнүкпөйбүз. Айына 10-12 миң сом алган мугалимдерден балдардын билим сапатын талап кылуу мүмкүн эмест. Чүй районундагы акча чогултуу фактылары айтылып жатат, райондук билим берүү, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн жоюу керек", - деди депутат.
Ошондой эле А.Нурбаев мугалимдердин ой-пикирлерин укпай туруп, ар кандай уюшуп алган топтор окуу китептерин чыгарып жаткандыгына дагы токтолду. Депутат 2019-жылы мугалимдердин айлыгын сөзсүз көтөрүүбүз керек деген пикирди карманды.
КР Конституциясында билим алуу бекер деп белгиленгендигине токтолгон Премьер-министр М.Абылгазиев: “Өкмөт Башмыйзамдын талабын аткарууга жетишебиз. Муну мамлекет өз мойнуна алышы зарыл. Акча чогултуу дегенди токтотуп, 2019-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүүнүн үстүндө иш алпарабыз”,- деди.