Бишкектеги Ботаникалык бактан эркек кишинин асылган абалдагы сөөгүн көргөн жолоочулар милицияга кабарлашкан. Укук коргоо кызматынан билдиришкендей, киши рюкзактын боосун жылуулук өткөрчү трубаларга байлап, асынып алган. 

 

Анын денесинен күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери табылган эмес. Учурда медициналык - соттук экспертиза дайындалды. Рюкзактан бөтөлкө арак менен ноутбук табылган. 27 жаштагы М. А. белгилүү коомдук ишмер Медеткан Шеримкуловдун небереси экени маалым болду. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, маркум өткөн жылы үйлөнгөн, кырсык болгон күнү туугандарыныкына конокко барып, алар менен уруша кетип, таксиге отуруп кетип калган.