Маалыматтык технология жана байланыш Мамлекеттик комитети орусиялык компания "ВЕГА" радиотүзүлүш концерни" ААКсы менен келишим түздү. Бул "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ишке ашырууга байланышкан. 

 

Аталган комитет ошондой эле "ВЕГА" радитүзүлүш концерни" менен биргеликте брифинг өткөрүп, журналисттерди кызыктырган бардык суроолорго жооп кылаарын убадалады.