Ушул жылдын май айында Өзбекстандагы соода комплекстеринин биринде өспүрүм балдар карыган аялды сабашкан. Алар аялдын башына чака кийгизишип, муштумдары менен койгулашкан. Аял жыгылып кеткенде балдар качышкан.
6-ноябрда окуянын катышуучуларынын бири видеону соцтармакка жайгаштырган. Андан кийин 10 - ноябрда өспүрүмдөргө карата бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда видеонун автору менен аялды муштаган бала кармалды. Дагы башка катышуучулар изделүүдө.