Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жыл боюнча толтурулган декларацияда бир жыл ичинде 100 миллион 118 миң 168 сом тапканын көрсөткөн. Ошондой эле ал айыл чарба жаатындагы жана айыл чарба эмес жаатындагы жер тилкелерине (64 миң чарчы метр жана 27 чарчы метр аянттагы), курулуп бүтө элек имараттарга (116, 34 чарчы метр аянттагы) ээлик кылат.
Жакын туугандары өткөн жылы 7 миллион 383 миң 312 сом иштеп табышкан. Андан тышкары аларда депозиттик жана сактоо сертификаттары, акциялар бар.