Экс-спикер, президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун декларациясынан ал өткөн жылы 9 миллион 502 миң 835 сом тапканы маалым болду. Менчигинде курулуп бүтө элек имараттар, үй жана жер тилкелери бар.
Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандык аткаминерлердин 2017-жыл боюнча толтурган декларацияларын жарыялады.
Президенттин иниси депутаттыгы менен кошо мал чарбачылыгы жана аары кармоо менен алектенет. Анын ири жана майда мал жандыктары, аарылары бар.
Анын туугандары болсо өткөн жылы үй-бүлөлүк бюджетке азыраак салым кошушуп, көбүрөөк чыгым келтиришкен. Бир жылда 476 миң сом табышып, бирок, 1 миллион 24 миң сомду чыгашага учуратышкан.