Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун  өткөн жылкы кирешеси 39 миллион 320 миң сомго жеткен. Жакындары болсо бир жылда 2 миллион 547 сом табышкан. 

 

Бул тууралуу ал 2017-жыл боюнча толтурган декларациясында көрсөткөн. 

 

Экс-спикер төрт гараж, үч батир, айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин ээси. Андан тышкары бир канча жеңил автоунаалар, фургондор, пикаптар да өз наамына жазылган. 

 

Жакындары да андан кем калышпайт, алардын карамагында төрт үй, төрт батир, айыл чарба жаатындагы жер тилкелери, курулуп бүтө элек имараттар бар. Автоунаадан эки Тайота менен фургондор.