Депутат Садык Шер Нияздын менчигинде бир гана үй бар. А бирок, анын жакындарынын карамагында гектарлаган жерлер бардыгы 2017-жылга карата толтурулган декларациядан белгилүү болду. 

 

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, депутаттын жакындарынын 11 жер тилкелери бар, алардын баары айыл чарба багытында пайдаланылат. Жер тилкелеринин эң ириси 4 миң гектарга жетет. Андан тышкары "Лексус" үлгүсүндөгү эки автоунаа жана бир "Ландровер", бир канча фургон алардын наамына катталган.  Туугандары өткөн жылы 54 миң сом иштеп табышкан. 

 

Ал эми Садык Шер Ниязда болгону бир үй бар, жада калса автоунаасы да жок. 2017-жыл эсебинде 813 миң 397 сом иштеп тапкан.