Басма сөз жана маалымат кызматкерлеринин күнүн утурлап «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому Талас областындагы массалык маалымат каражаттарынын арасында кичи футбол боюнча «Альянс Алтын» компаниясынын кубогуна арналган атайын турнир уюштурду. Майрамдык иш-чара Талас шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүп, ага областтык массалык-маалымат каражаттарында эмгектенишкен кызматкерлер катышты. Өз ара кызуу таймаштын жыйынтыгында Талас шаарындагы «3-канал» телерадиокомпаниясынын кызматкерлери биринчи орунду багынтышып, «Альянс Алтын» кубогун жана акчалай байгени утуп алышты. Ал эми байгелүү экинчи орунга Талас областтык телерадиокомпаниясынын жигиттери жетишип, акчалай сыйлык менен сыйланды.
Спорттук иш-чарадан кийин Талас шарындагы «Канат Ата» оюн-зоок борборунда областын аймагында эмгектенип жатышкан бардык массалык-маалымат каражаттарынын кызматкерлерине, ардагер журналистерге КР Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү сый-тамак уюштурду. Эмгектеринен алдыңкы деп табылган журналистерге Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Мураталиев областтык өкүлчүлүктүн ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын тапшырса, «Альянс Алтын» компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Д. Жаныкулов компаниянын жетекчилигинин атынан теле, радио, гезиттердин редакцияларына, ардагер журналисттерге, “Альянс Алтындын” ишмердүүлүгүн калыс, так чагылдырышкан маалымат өкүлдөрүнө атайын акчалай сыйлыктарды ыйгарды. Иш-чаранын алкагында ар түрдүү жагдайлардан улам көздөрү өтүп кеткен журналистердин атына багышталып куран дагы окулду.