“Токой эл байлыгы, токой мамлекет байлыгы”- деген сөз эл арасында, айрыкча токой кызматкерлеринин арасында сыймыктануу менен айтылып жүргөнү баарыбызга белгилүү. Тереңирээк ойлонуп көрсөң бул туура айтылган сөз экенине ынанасын. Себеби токой көп жерде экология бузулбайт, аба таза болот, демек аба таза болгон жерде адам баласында сергек жашоо, узун өмүр болот, бул эл байлыгы.

     

Ал эми токойлуу өлкөнүн жаратылышы кооз болуп, өлкө ичиндеги жана чет элдик туристтерди өзүнө тартып турат, бул мамлекет байлыгы.

Ушундай токой чарбалардын бири Аксы районуна караштуу “Аксы” токой чарбасы. “Аксы” токой чарбасы 1951-жылы 14-сентябрда СССР айыл чарба министрлигинин №720 - буйругунун негизинде “Жаңы жол” токой чарбасы уюштурулган.

 

Эгемендүүлүккө ээ болгонубуздан кийин, башкача айтканда 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой инспекциясынын №67, 10-февралдагы буйругунун негизинде 5 токой бөлүмү, 62589 га жер аянты менен “Жаңы жол” токой чарбасынын базасында “Аксы” токой чарбасы уюштурулган. Уюшулгандан бери токой чарбада бир канча кыйынчылыктар жана жетишкендиктер болду. Айрыкча совет мамлекети тарагандан кийин чарбага чектеш жашаган калктуу конуштардын тургундары токойго бир топ көйгөйлөрдү жаратты, алар мыйзамсыз отун даярдоо, мал жайуу, токой мөмө жемиштерин топтоо, эң жаманы жаңак уюлдарын мыйзамсыз кыркып башташты. Жогорудагы кемчиликтерди жоюуда токой  кызматкерлери күн-түн токойлорду кайтарууга алып, сактап калууда зор эмгектерди жаратышты десек аша чапкандык болбос.

 

2012-жылдан баштап токой чарба өнүгүү жолуна түштү. Буга чейин атайын каражаттан топтолгон акча 600-800 миң сомду түзсө, азыркы убакта 200-300 миң сомго көбөйдү. Токой чарбада 34 токой кызматкери эмгектенет, 18 токой корукчусу, 5 бөлүм башчы, 3 инженер, 1 эсепчи, 1 директор, калгандары кенже кызматкерлер. Бул азаматтар токойду сактоодо жана өстүрүүдө эбегейсиз зор эмгек жумшашууда. Атап айта турган болсок, 30 гектар аянтка 90 миң түп жаңак, 20 гектар аянтка 80 миң түп мисте, 17 гектар жерге 68 миң түп бадам көчөттөрү, мындан башка жыл сайын 50-60 га жерге декаративдүү токой өсүмдүктөрүн өстүрүп турушат. Жаңы олтурузулган көчөттөрдү малдан кайтаруунун өзү азап, бирок дасыккан токойчулар бул түйшүккө көнүп калышкан, кайсыл мал кайсыл тараптан келишин билишип, жолун оңой эле тосуп коюшат. Аксы токой чарбасы беш: “Кой Таш”, “Жаңы жол”, “Күрүпсай”, “Ринжит”, “Аксуу” токой бөлүмдөрүнөн туруп, 62 миң гектар аянты ээлейт. Ушул аянттарга керектелүүчү көчөттөрдү чарба өзүнүн күнөсканаларында жабык тамырлуу система менен пакеттерге ороп өстүрүшөт. Бул көчөттөр жылдын кайсыл мезгилинде олтургузсаңыз өсө берет. Мына ушул жаңы технологияны чарба адистери мыкты өздөштүрүшкөн. Чарба жыл сайын агенттик тарабынан берилген план тапшармаларын ашыгы менен аткарып токойлорду асыроо, сактоо көбөйтүүнүн үстүндө тынымсыз иш жүргүзуп келет.

 

2017-жылы жетишкендиктердин бири Дүйнөлүк банк жана Глобалдык Экологиялык фонд тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын токой Экосистемаларын Интеграциялык башкаруу долбооруна пилоттук чарба катары конкурстун негизинде тандалып алынганын айтсак болот. Учурда долбоордун каржылоосу менен “Жаңы жол” айылына конвейердик мөмө жемиш кургатуучу цех 300 миң долларлык, “Ак жол”  айылына чектеш “Райкомол” участкасына Экотуризмди өнүктүрүү максатында туристтик базаны куруу 200 миң долларлык, беш токой корукчулары жашай турган кордон  150 миң долларлык жана 140 га жер аянтын зым тор менен тосуп токой өстүрүү жана башка долбоорлор даярдалып жатат. Чарба жыл сайын өзүн аймагындагы жашаган жетим жесирлерге, майыптарга жана ардагерлерге отун, мындан сырткары моралдык, материалдык жана акчалай жардамдарды берип турат. Чарбада 2200 га жаңак, 4700 га мисте токойлорунда  411 ижарачы иштейт, алардан түшкөн 1,5 милион сом акча каражаты мамлекеттик бюджетке которулуп турат.

 

 “Аксы” токой чарбасы жыл сайын 200-300 куб отун даярдап, Ала-Букадагы мамлекеттик чек ара заставасына 320 миң  сомго 140 куб отун,  райондун аймагыдагы 50 ФАПка 120 миң сомго ар бирине 1 куб.дан отун берип келет. Аксы токой чарбасы менен чектешкен Кош-Дөбө, Аксуу, Жаңы жол, Ак жол айыл өкмөттөрүнө жана Таш-Көмүр шаарына жалпысы 500 миң сомдук көчөттөдү сатышкан, бул акчалардын баары жергиликтүү бюджетке түшүп турат.

 

Мына ушул атактуу чарбаны 2012-жылдан бери Жабайкулов Панарбек Кожомжарович жетектеп келет. Панарбек Кожомжарович бул кызматка дайындалганга чейин 2005-жылдан бери “Ринжит” токой бөлүмүндө бөлүм башчылык  кызматты аркалап келген. Чарбанын аймагында жашаган элдин жакшы жашоосун директор унутта калтырбайт, ар дайым колдон келген жардамын берип турат. Жеке Панарбек Кожомжаровичтин аракети менен көпүрөлөр салынып,  жолдор ондолгон

 

Чарбада өз ишинин мыктылары ондоп саналат. Алардын катарына ар дайым план тапшырмаларынын ашыгы менен аткарып келе жаткан Аксуу токой бөлүмүнүн бөлүм башчысы Токтосунов Осмон, токой корукчулары Эргешбаев Кумар, Сүйөркулов Жалын  жана Толтоев Кубанычтарды кошууга болот. Жогорудагы жаралган ийгиликтер чарба жетекчиси Панарбек Кожомжаровичтин аракети менен болуп жатканы бештен белгилүү болуп турат. Биз эл аралап чарба жетекчиси туралуу ой пикирин сурамжылаганыбызда, өмүр бою токой чарбада иштеп ардактуу эс алууга чыккан пенсионерлер Анарбаева Алымбү эже жана Алимбеков Туратказым аксакалдар төмөнкүлөргө токтолду:

 

- Панаш иштин көзүн билген, көп нерсеге көзү жеткен кыраакы жетекчи, кыял жоругу да жакшы, бирөөгө жаман айтып заарын чачканын көрө элекпиз. Оор маселелерди чечүүдө чарба кызматкерлери жана эс алууда жүргөн аксакалдар менен жуурлуша олтуруп, өзүнүн оюн толук түшүндүрүп , анан олтургандардын ой-пикирин, баалуу сунуштарын угуп жыйынтык чыгарат. Чарба жааматынын Аксы элинин арасында кадыр-баркы жакшы, баары эле Панаш, Панаш аке деп сыйлап турушат. П.Кожомжаровичтин элге өтөгөн эмгеги өкмөтүбүз тарабынан жогоруу бааланып КР Өкмөтунун  “Ардак громатасы”, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу агенттиктин, областык жана райондук администрацияларынын  “Ардак громаталары”, акчалай  жана баалуу сыйлктары менен бир нече жолу сыйланган. Жабайкулов жогорку мааалыматту жетекчи, Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы агрардык академияны бүтүргөн, өмүрлүк жубайы Жабайкулова Анаркүл үй кызматындагы аял, учурда ардактуу эс алууда. Панаш үч  уул, үч кыздын бактылуу атасы.

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити