Орто Азиядагы эң тарыхый шаарлардын бири Кызыл-Кыя шаары 120 жылдык мааракесин чоң салтанат менен белгиледи. Мааракеге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Сайдалимжон Жураев, Таабалды Тиллаев, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган аким-мэрлер, Өзбекстан республикасынан келген делегация жана өлкөбүздүн аймагынан келишкен ардактуу коноктор катышты.  

 

Салтанат маалында Кызыл-Кыя шаарын буга дейре жетектешкен онго чукул мурдагы аким-мэрлер катышып, шаардын өнүүгү тарыхы туурасында кеңири сөз сүйлөштү. Майрам шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн кеңири чагылдырган айыл чарба жана өнөр жай көргөзмөсү менен башталып, шаардын маданият сарайында расмий салтанат менен уланды. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө калаанын ар тараптуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошушкан инсандар Кыргыз Өкмөтүнүн, Баткен облусунун бийлигинин жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин баалуу сыйлыктарына арзышты.

Дал ушул күнү Кызыл-Кыя шаарынын Архивинин жаңы имараты дагы ачылды. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 12 миллион 593 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 410 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 200 миң сом сарапталды.

 

Шаардын 120 жылдык майрамы борбордук стадиондо, шаардын жаралуу тарыхын чагылдырган сахналаштырылган даректүү фильм менен коштолуп, белгилүү чыгармачыл инсандардын катышуусунда чоң концерт дагы уюштурулуп, элге майрамдык маанай тартууланды. Мааракенин коноктору дал ушул күнү саясий жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун эстелигине гүл чамбарларды коюшуп, куран окуп, бата тилешти.

 

Айтмакчы, Кызыл-Кыя шаары 1898-жылдан  баштап, орус инженери Михайлов тарабынан изилдөөлөрүнүн негизинде биринчи көмүр кени ачылып, анан гана шаар сыңары төптөлө баштаган. Тээ Союз маалында шаардын дүң продукциясынын 55 пайызын көмүр казып алуу тармагы түзүп, жеңил тамак-аш, эт-сүт жана башка өнөр жай тармактары өнүккөн. Кызыл-Кыяда шахта башкармасы, “Алай” машина куруу заводу, бут кийим тигүүчү фабрикасы, сүт заводу, тамеки ферментациялоочу заводу, электр механикалык ишканалар, курулуш метериалдар комбинаты, консерва заводу жана башкалар үзгүлтүксүз иштеп турушкан.

 

Кызыл-Кыя шаары ушул тапта дагы өнөр жайы, инфраструктуралык үзүмдөрү өнүккөн, социалдык-маданий объектилери калыбына келтирилип, жаңылары курулуп жаткан маданий борборго айланып баратат. Калаада бүгүнкү күндө 53 миңге чукул калк жашайт.

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити