Кинопродюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.

 

 

  • - Өмүрзак Жолдош уулу, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан биргелишип тартмакчы болгон “Карахан таажысы” тасмаңыздар эмне болду? Тартып баштадыңыздарбы?
  • - Сценарий тасманы каржылоочу Казакстандык кесиптештериме жагып, кабыл алынып, тартуу алдындагы даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Буйруса жакынкы аралыкта тартууга киришебиз деп турабыз.
  • - “Карахан таажысын” бир канча өлкөлөрдөн тартып, аны менен кошо чет өлкөлөрдө Казак эл башы Назарбаев тууралуу “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмасын жаратаарыңыздарды билдирдиңиз эле.
  • - Ооба, “Карахан таажысы” менен кошо бир канча өлкөлөрдө Нураке тууралуу да тарта келмекчибиз.
  • - Мындай эл аралык кино долбоорлорго кандайча киришип калдыңыз?
  • - Мындан 2 жыл мурда Назарбаев тууралуу даректүү тасма тарттык. Көрсө, Нураке жаш кезинде Кыргызстанда көп болуп, бир топ адамдар менен достук, жакын мамиле кутүптүр. Тарыхый олуттуу окуя болгондуктан аларды такташ үчүн тасманы Казак эл башчысына көрсөткүм келип, Казак парламентинин депутаты, белгилүү коомдук ишмер Бекболат Тилеуханга кайрылдым. Ал киши “Асыл Арна” теле каналынын башчысы Мухамеджан Тазабеков экөөсү тасманы Нуракеге көрсөтүштү.
  • - Тасмаңызды көрүп Назарбаев эмне дептир?
  • - Жаш кезиндеги бирге жүргөн досу Марат Акматаевди жана башка тааныштарын кызыгып көрүп, баары анык болгонун тактаган.
  • - Казак депутаты Тилеухан сиздин чыгармачылыгыңыз тууралуу “Кинопродюсер Төлөбеков - эл аралык аренада” аттуу даректүү тасмада жылуу пикир айтыптыр.
  • - Нураке тууралуу тасмадан кийин Беке менен жакын мамиле түзүлуп калды. “Төңкөрүш”, “Миллионердин сүйүүсү” тасмаларына Астанада эпизоддорду тартканда ал киши жакшы жардам көрсөттү. Өзү чыгармачыл жан болгондуктан сценарийге кызыгып, анча-мынча эпизоддорду өзгөртүүнү сунуштаган. “Кыргыз, Казакка бирдей таандык, эки эл кызыгаар  сценарий жазбайсызбы, чогуу тарталы” деди. Ошондон улам “Карахан таажысы” жазылды.
  • - Тилеухан – Казактын белгилүү саясатчысы болсо керек?
  • - Беке жаш кезинен таланттуу төкмө акын катары таанылган. Чыгармачылык менен кошо коомдук иштерге активдүү катышып, 35 жашында  Казакстандын маданият комитетин жетектеген. Ал учурда маданият тармагымаданият, спорт, илим министрлигинин тутумунда турган. Азыр 3-ирет республика парламентинин депутаты. Казакстандын бирден-бир күчтүү, таасирлүү эл өкүлү жана саясатчысы. Ошондой эле Бекболат Канай уулу республикалык улуттук оюндар ассоциациясынын төрагасы. Текстин Назарбаев жазган “Казакстаным” баш болгон бир катар белгилүү ырлардын обонунун автору. Абдан адамгерчиликтүү жана билимдүү инсан. Мени көбүнчө жумушунан кийин үйүнө конокко чакырып сүйлөшөт. “Баурымыз келипти” деп бешбармак салдырат. Домбурасын колго алып, биздин“Эсимде”,”Күйдүмчокту” керемет обон менен безелентет...
  • - Тилеухан – Нурсултан Абишовичтин бир тууган иниси Сатыбалдынын уулу, президенттик үй-бүлөнүн эң таасирлүү мүчөсү Кайрат мырзанын  жакын досу экенинен интернеттен  кабардарбыз.
  • - Улуттук оюндар бирлигинде Беке төрага, Кайраке президент болуп экөө бир топ жылдан бери коюн-колтук иштешип келатышат. Андан тышкары экөө тең беш маал намаз окуп, диний маанилүү иш чараларга чогуу катышып жүргөндүгү коомчулукка кеңири белгилүү.
  • - Өткөндө бир маегиңизде билдирдиңиз эле: ”Казак депутаты Тилеухан айтты, Кыргыз баурларыбыздын иши эми оңолот, Аллах жолундагы инсан башчылыкка келди” деп.
  • - Казак ишмерлери Кыргызстандагы абалга ынтаа менен назар салат. Беке да биздеги жаңылыктарга кызыгат. Соке мамлекет башына келгенде сүйүндү. “Аллах деген адам жаман ишке барбайт, Аллах жолундагы инсандын иши оңолот” деген ойдо.
  • - Жээнбековдун бир жылдык ишмерлигине баа берилип, оң пикрлер менен кошо “экономика оңолбоду” деген ачуу сындар да айтылууда.
  • - Ооба, Сооронбай Шарип уулу бир жылда бир катар жакшы жумуштарды жасоого жетишти. Өзгөчө эл аралык чөйрөдө жана коррупцияга каршы күрөштө. Бирок, көптөгөн коррупционерлер кармалган менен казынага чоң каражат түшпөгөнү, экономикада алдыга жылыштар жасалбай, кадрлар чабалдык кылып атканы элдин сынына кабылды. Алдыда Жээнбеков чечкиндүү кадамдарга барып, кескин бурулуштарды жасашы талап кылынууда.
  • - Эл аралык “Ак бата” интернет каналын ачканы атканыңыздарды жарыяладыңыз эле. Ал канал качан иштей баштайт?
  • Каналды каттоо үчүн 1 миң адам жазылыш керек экен. Азыр “Ак батага” 3 миңден ашык адам жазылды. Ютубда жаңы каналды каттоо үчүн бир катар катаал талаптар бар экен, ошол маселелерди чечип атабыз. Алар жөнгө салынып, канал расмий катталгандан кийин кызыктуу кыска метраждуу тасмаларды жана видео материалдарды бере баштамакчыбыз. Азырынча биздин “Президент жана бомж-1-2”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” кинолорубуз жалаң биздин “Ак бата” каналда көрсөтүлүп жатат.

 

 

Маектешкен Аэлита Сатындиева